Бишкектин четинде кулаган тик учак. Бортто 11 адам болгон
RU

Бишкектин четинде кулаган тик учак. Бортто 11 адам болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бугүн, 17-январда Бишкектеги "Фрунзе-1" авиабазасында Ми-8 аскердик тик учагы кулады. Кырсыктан экипаждын 1 мүчөсү каза болуп, дагы 10 адам жаракат алганын Коргоо министрлигинен Kaktus.kg сайтына тастыкташты.

Министрликтин маалыматына ылайык, бортто жалпы 11 киши болгон. Жаракат алгандардын төртөө учурда жандандыруу бөлүмүндө, экөө өтө оор абалда. Калган 6 бейтаптын абалы орто деп бааланууда. Эки аскер кызматкери Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүнө түшкөн, калганы №4 шаардык ооруканада жатат.

Белгилесек, Абадан коргонуу күчтөрүнүн Ми-8МТВ тик учагы окуу-машыгуу учурунда кулаган. Бул факты боюнча Коргоо министрлиги териштирүү башталганын, жагдайлар такталып жатканын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15335