Садыр Жапаров: Сырткы карыздарыбыздан эч кам санабай эле койсоңуздар болот
RU

Садыр Жапаров: Сырткы карыздарыбыздан эч кам санабай эле койсоңуздар болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаңы жылдын алдында Кыргызстандын тышкы карызы 6 миллиард 59 миң долларды (535 миллиард 972 миллион сом) түзгөнү Каржы министрлигинин статистикасында айтылган. Мамлекеттин тышкы карызы боюнча Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине айтып берип, кооптонууга негиз жок экенин белгиледи.

"Мындан ары тышкы карыздар боюнча кооптонууга негиз жок. Эч кандай коркунуч жок. Биринчиден, мурда алынган кредиттер өзүн-өзү актаган долбоорлорго жумшалган эмес.

Акча кумга сиңгендей эле жок болгон. Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу, Датка-Кемин, ЖЭБ үчүн акыркы алынган насыялар туура болду. Бизге бул долбоорлор керек болчу. Бирок эки эсе кымбат болуп калган. Көзөмөл өтө начар болгон, уурдалган. Бул долбоорлор жарым баасына эле бүтмөк. Демек, өзүн-өзү актоо мөөнөтү кыска болмок.

Азыр эми ошол карыздарды төлөө мөөнөтү келип, төлөй баштадык. 2035-жылга чейин мурдагы алынган карыздарыбызды төлөп бүтөбүз. Айрым жарандарыбыз "эки-үч жылда эле төлөп салабыз дебедиңер беле, кана төлөгөнүңөр?!" деген сындарды айтып жатышпайбы.

Бардык резервдерибизди топтоп, төлөп салсак болот. Азыр мамлекетибиздин күч-кубаты жетет. Мурда андай эмес эле, аны жакшы билесиңер.

Бирок карыз алып жатканда, макулдашууда "эгер мөөнөтүнөн мурда төлөйбүз десеңер, анда үстөк пайызы алда канча жогору болот" деген шарттары бар экен. Ал бизге пайдасыз, ашыкча чыгым болуп калат. Ошол үчүн өз убагында эле төлөп бүтөбүз. Андан коркунуч жок. Себеби бюджетибиз канча эсе көбөйгөнүн көрүп турасыздар. Мурда бюждетибиз алсыз болгондуктан, чындыгында эле, сырткы карызыбызды кантип төлөйбүз деген коркунуч бар болчу", - дейт президент.

Ошондой эле Садыр Жапаров азыр сырттан алынып жаткан карыздар "жети өлчөнүп, бир кесилип" анан алынып жатканын кошумчалады.

"Кайсы долбоорго, кандай шарт менен, кайсы мөөнөттө өзүн-өзү актары такталып анан алынып жатат. Бир эле мисал келтирейин. "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга карыз алууга даярбыз. Жакында алабыз. Эгер "Камбар-Ата-1" ГЭСи бүтсө, өзүн 12-13 жылда эле актайт. Андан кийин "Токтогул" ГЭСи сыяктуу өмүр бою мамлекетке пайда алып келет.

Ал эми "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу бизди ойлондуруп турат. Өтө чоң сумма. Бул долбоор өзүн 35-40 жылда актайт.

Бирок кыргыз мамлекети дүйнөгө чыгууда туюк болбой транзиттик өлкөгө айланабыз. Ошондуктан бул жол өмүр бою кыргыз элине, мамлекетибизге кызмат кылат.

Долбоорду сырттан карыз алуу жолу менен эмес, башкача жол аркылуу ишке ашыруунун жолун издеп жатабыз. Кудай буюрса, бул маселени да чечебиз. Темир жолду курууну жакынкы убакта баштайбыз.

Башка долбоорлорго алынып жаткан сырткы карыздарыбыздан эч кам санабай эле койсоңуздар болот. Азыр жасалып жаткан ар бир долбоор мамлекеттик бюджетке күч келтирбестен, өзүн-өзү актай турган долбоорлор.

Илгерки алынган карыздар кумга сиңген суудай эле болуп кетиптир. Же өзүн-өзү актаган эмес, же мамлекетке келтирген пайдасы болгон эмес. Мындан ары андайга жол бербейбиз. Ар бир долбоорду "жети өлчөп, бир кесебиз". Өзүн-өзү кыска мөөнөттө актабаган долбоорлорду кабыл албайбыз.

Ошондуктан чочулоого же кабатыр болууга негиз жок. Мындан ары бул теманы кеп кылбай деле койсо болот. Саясатташтыруунун кажети жок", - деди Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15355