Үйүндө 100дөн ашык ит баккан Татьяна эсиңиздеби? Анын калган иттери жок кылынат
RU

Үйүндө 100дөн ашык ит баккан Татьяна эсиңиздеби? Анын калган иттери жок кылынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Үйүндө 100дөн ашык ит баккан Татьяна эсиңиздеби? Анын калган иттерин Маевканын айыл өкмөтү жок кылганы жатат. Себеби, үйүндөгү көп иттин бир бөлүгүн эле "Кумайык" фонду убактылуу кароого алып кеткен. Иттердин калган бөлүгү Татьянанын кошуналарынын дагы деле тынчын алып жатат.

"Иттерди жок кылууга мажбурбуз"

Маевка айыл өкмөтү Татьянанын үйүндө калган иттерин жок кылганы жатат. Алар дагы деле жергиликтүү жашоочулардын тынчын алууда. Соттун чечимин аткаруу буйрутмасы айыл өкмөт башчысы Бекжан Казакбаевге тапшырылган. Ал иттерди кандай жол менен болбосун жок кылууга мажбур.

"Бизде макулдук кагаздарынын баары бар. Керек болсо, бизде ал жаныбарларды атууга макулдук да бар деп айта алам. Бирок, биз ага жеткиргибиз келбейт. Көптөгөн фонддор бар. Алардан жардам сурап жатабыз. Мен өзүм баш болуп иттерди аткым келбейт", - дейт Маевка айыл өкмөтүнүн башчысы Бекжан Казакбаев.

Мындан улам, Маевка айыл өкмөтү "Кайнар" фондуна жардамга кайрылган. Аталган фонд иттерди атууга кетирбей, аман алып калып, фонддун карамагына алууга кызыктар. Алар буга чейин да Татьянага жардам берүү максатында андан бир канча ит алып кеткен. Бирок, Татьяна фондго ар кандай шылтоолор менен келе берип, ызы-чуу салып, иттерин кайтарып алган.

"Төрт ай мурун "Кумайык" фонду Татьянанын иттерин алып кетүүгө макулдук берген. Биз ал фонддун өкүлүн жолугушууга чакырып, бир канча суроолорубузга жооп алсакпы дегенбиз. Биз бул фонд Татьянанын үйүндө калган башка иттерин дагы алып кетеби же жокпу, билгибиз келет. Мен соттун чечими менен тааныштым. Анда Татьянанын иттерин - алар жашаган жайды толук жок кылуу чечими кабыл алынган. Бул жерде жок кылуунун кайсыл түрү колдонулаары так жазылган эмес", - дейт "Кайнар" фондунун директору Илья Ружичка.

Маевканын айыл өкмөтү иттерди атып, жок кылууну каалабайт. Бирок, Татьянанын кошуналарынын тынч жашоосу жана соттун буйругун аткаруу үчүн алар иттерди ликвидация кылууга мажбур.

"Ликвидация" деген сөздүн өзүн ар кандай чечмелей берсе болот. Ал жерде так "жаныбарларды жок кылуу" деп жазылган эмес. Ал жерде "мыйзамсыз иттерди багуу жайын жок кылуу" деп турат. Ал эми жок кылуунун көп түрлөрү бар. Анын гумандуу, мыйзамдуу түрлөрү да бар. Биз мыйзамдуу, гумандуу түрүн колдонобуз", - дейт айыл өкмөт башчысы.

Ал эми иттердин ээсимин деп жаткан Татьяна маселени бул жол менен чечүүгө каршы. Ал иттерге жер бөлүп берүүнү дагы да талап кылууда.

"Көйгөйдү чечкени аракет кылуунун ордуна мени тебелеп-тепсеп жатышат. Айыл өкмөт жетекчиси бул сенин жеке маселең деп жатат. Менин терезелеримди талкалап кетишти. Анткени, мен адамдарга көйгөй жаратып жатыптырмын. Ал эми адамдар өздөрүнүн жоопкерчиликсиз мамилеси аркылуу маселе жаратып жаткандарын түшүнбөй эле. Тескерисинче, алар мен боорукер болгонум үчүн мага маселе жаратып жатышат. Мен болгону жаныбарларды аяйм", - дейт Татьяна.

"Азыр калган 50 ит 500 болуп кетиши мүмкүн"

Татьяна жергиликтүү бийликтен иттерине жер бөлүп берүүнү талап кылып жатса, "Кайнар" фонду Татьянага жер бөлүп берүүгө караманча каршы. Фонд Татьянага жер бербеш керек деп эсептейт. Себеби, жергиликтүү бийлик 10 соток жер бөлүп берсе, 4 соток жерге 200гө жакын итти баккан Татьяна 10 сотокко акылга сыйбаган сандагы иттерди багат деп кооптонууда.

"Азыр Татьянанын колунда канча ит бар экенин так айта албайм. Бирок, 4 соток жерде ушунча маселе жаралып жатса, 10 соток жерде эмне болоорун элестетүү кыйын. Ал эми 2 гектар жерди айтпасак да белгилүү болот. Ага жер берилсе, шаар менен ал иттерди коргоого чамабыз келбей калат. Ошондуктан, бул айымга иттерди багууга такыр уруксаат бербеш керек",- дейт фонддун директору.

Айыл өкмөт кызматкерлери Татьяна иттерди стерилизациядан өткөрбөгөнүн, ал жерде күчүктөр пайда болуп, ачка чоң иттер кичинекей иттерди жегенин айтып берди.

"Татьяна иттерди стерилизациялабайт. Чоң иттер тамак жок, ачка болгондо ал күчүктөрдү жеп салат. Алар аябай жаман шартта багылат. Ушинтип итти багууга болобу?", - дейт ал.

Айыл өкмөттүн кызматкерлери Татьянанын үйүнө барып, иттер кандай шартта багылып жатканын көрүүгө аракет кылышкан. Бирок, Татьяна бир да жанды короосуна киргизбейт.

"Иттерди аябай эле кыйнап жатат"

Маевка айыл өкмөтү менен бирге "Кайнар" фонду Татьяна иттерди аябай эле, тескерисинче кыйнап жатат деп эсептейт.

"Анын иттерди багуу шарты абдан жаман. Эч кандай гумандуулукка жатпайт. Бул эч кандай жаныбарларды коргоо болуп саналбайт. Ал иттерди, тескерисинче кыйнап жатат", - дешет алар.

Татьяна өз кезегинде, бир да итти эшикке таштабаганын, бир да итти сатпаганын айтат. Ал коронавирус учурунда операция болсо да, иттерди ачка калтырган жокмун дейт.

"Мен бир да итти ыргытып жиберген жокмун, эч кимге саткан жокмун. Сиздер мен кандай кыйналып иттерди багып жатканымды бир сурагылачы?! Менин иттеримди ууландырып, тереземди чагышты. Карантинден кийин операция болдум. "Таня, кандайсың?" деп бир киши сураган жок. Мага бир киллограммдан көп оор нерсе көтөргөнгө болбойт болчу. Бирок, мен ага карабай иттерди багып жаттым. Мына, ушул жоопкерчилик!", - деп эсептейт ал.

Татьяна Кудлайдын кошуналарынын барбаган жери калган жок. Алар сотторго да, аксакалдар кеңешине да, жергиликтүү бийликтен баштап, мэрияга чейин кайрылышкан. Бирок, маселе чечилбей, азыр иттердин жыты, үргөндөрүнөн кутулуу үмүтүн үзүп койдук дейт Татьянанын кошуналарынын бири.

"Биз алты жылдан бери бул маселе менен күрөшүп келе жатабыз. Иттердин жыты абдан жаман. Күн жылыгандагы сүрөттү элестетип эле көргүлө. Биз кимге гана кайрылган жокпуз, үмүтүбүз өчүп деле калды. Бир фонд иттердин жарымынан көбүн алып кетти эле, азыр үйдөгү иттери деле мурункудай болбосо да тынчыбызды алат", - дейт ал.

"Баня жагат. Ал жүн жыттанат"

Маевка айыл өкмөтүнүн администрациясы ветеринарга иттериңди көргөз, дарыла деп кайрылышкан. Бирок, Татьяна эч кимди короосуна киргизбейт. Ал эми кошуналары иттердин ээси баня жакканда куйкаланган жүн жыттанаарын айтып берди.

"Менин жолдошум Афган согушуна барып келген. Майыптыгы бар. Иттердин үргөнү бизди эле эмес, ооруп жаткан адамга да тынчтык бербейт. Таня баня жакканда дайыма кара түтүн, жүндүн куйкуму жыттанып калат", - дейт дагы бир кошунасы.

Татьяна Кудлайдын үйүндө азыр так канча ит бар экени белгисиз. "Кумайык" фонду 80ге жакын итин алып кеткен. Ал аталган фонддо калып, иттерин жеринен багат. Бирок, ал эч жерде иштебесе мынча итти кайсыл каражатка багат деген суроо жаралат. Татьяна бул суроого досторум жардам берет деп жооп берди.

"Мага досторум жардам берет. Менин социалдык тармактагы баракчаларымды карап көргүлө.

- А сиз алган акчаларга отчет бересизби?

- Мага досторум эле жардам берет. Ал абдан аз көлөмдө. Бир фонд мага келип "кандай жардам керек?" деп сураган эмес. Мени, тескерисинче тебелеп-тепсеш керек. Ар ким өзүнүн иши үчүн жооп берет. Эч ким көйгөйдү айткан жок. Чоогу чечели дешпейт!", - деп сөзүн аяктады Татьяна Кудлай.

21-февралга карата Татьяна Кудлайдын үйүндөгү иттеринин бир бөлүгүн "Кумайык" фонду Кантка алып кеткени белгилүү болду. Маевка айыл өкмөтү иттерди толук алып кетишин күтүп жатат. Болбосо, сот аткаруучулар соттун өкүмүн аткарууга мажбур.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15482