Бишкектеги парктан милициянын жансыз денеси табылды
RU

Бишкектеги парктан милициянын жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Октябрь РИИБдин башчысынын мурдагы орун басарынын жансыз денеси сейил бактан табылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо кызматкерлери билдиришти.

Айтымдарында, өткөн аптада Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын мурдагы орун басары, учурда Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүнүн биринде кызмат өтөп жаткан Б.Жумашев дайынсыз жоголгон. Ал издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген.

Бүгүн, 6-февралда Ботаникалык бакта асынып алган милиционер табылды. Окуя болгон жерде укук коргоо кызматкерлери иштеп жатышат. Алдын ала маалыматтар боюнча, милиционер өз жанын кыйган.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн маалымдашкандай, 5-февралда А.Ү. аттуу шаар тургуну милицияга кайрылган. Ал 1979-жылы туулган жолдошу 4-февралда саат 10:00 чамасында 6-кичирайондо жайгашкан үйүнөн чыгып кетип, андан кийин кайтып келбегенин айткан. Арыз ээси жолдошу учурдагы милиция кызматкери экенин билдирген.

Аталган факты каттоого алынып, кошумча иликтөө иштери башталган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 6-февралда саат 13:55 чамасында Шопен көчөсүндөгү ботаникалык бакчада асынып турган Ж.Б.нын жансыз денеси табылган.

Маркумдун денесин кароо учурунда көгала тактар табылган эмес, бардык тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөөгө чейинки тергөө иштери уланууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: multi-admin.ru.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15491