Бишкектин четиндеги конуштан ымыркайдын жансыз денеси табылды. Окуянын чоо-жайы
RU

Бишкектин четиндеги конуштан ымыркайдын жансыз денеси табылды. Окуянын чоо-жайы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдүн Аламүдүн районунда ымыркайдын жансыз денеси табылды. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан Kaktus.kg сайтына ырасташты.

Такталгандай, 1-феваралда саат 17:37 чамасында Алма-Ата жана айланма көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылган.

Аталган маалымат каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлө башталган.

Алдын ала териштирүү учурунда баланы 20 жаштагы К.А. аттуу келин таштаганы аныкталды. Ал Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде 7 айлык эркек баланы жансыз абалда төрөгөнүн, эмне кыларын билбей, курбуларынын кеңеши менен баланын жансыз денесин күрөң кутучага салып, Эне-Сай жаңы конушунун аймагындагы талаага таштаганын билдирген.

Азыркы учруда тийиштүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15462