"Ош базардагы" эт саткан жайдын негиздөөчүсү менен директору кармалды
RU

"Ош базардагы" эт саткан жайдын негиздөөчүсү менен директору кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ош базарынын" аймагындагы "Акиф" эт базарынын негиздөөчүсү менен директору кармалды. УКМКнын маалыматында айтылгандай, базардын ишмердүүлүгүндө салык мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктылган.

Тактап айтканда, "Акиф Фирма" ЖЧКсы кош бухгалтердик эсепти түзүп, соода жайларын жана орундарын ижарага берүү үчүн чогултулган каражаттар тийиштүү түрдө документтештирилбей, финансылык документтерде эсепке алынбастан төлөм жүргүзүлгөн. Ошол эле учурда базар жетекчилери күн сайын ижарачылардан 100 миң сомго жакын акча чогултуп, бирок жеке баюу жана салык төлөөдөн качуу максатында каржылык отчёттордо алынган пайданын көлөмүн 90%га чейин аз көрсөтүшкөн.

Ошондой эле базардын жетекчилери алдамчылык аракеттери менен өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү тартып алганы аныкталган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын негизинде 14-февралда 1965-жылы туулган Ф.С.В., "Акиф Фирма" ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана 1973-жылы туулган К.Н.А., "Акиф Фирма" ЖЧКсынын башкаруучу директору кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15538