Көлдүн өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын кызматкерлери кармалды
RU

Көлдүн өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын кызматкерлери кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК Ысык-Көл облусун Өнүктүрүү фондунун каражаттарынын натыйжалуу пайдаланылышын текшерүүдө акча каражаттарын негизсиз бөлүү жана максатсыз пайдалануу фактыларын аныктады.

Балыкчы шаарында бетон заводун курууга 5 жылдык мөөнөткө 6 млн сом өлчөмүндө үстөксүз ссуда бөлүнүп, бирок насыя алуучу каражатты максатсыз пайдаланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, негизсиз берилген пайызсыз ссудалардын жалпы көлөмү болжол менен 31,5 миллион сомду түзөт.

Буга ылайык, 21-февралында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын директорунун орун басары К.Р.А. жана бөлүм башчысы У.Т.У. Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15602