Жыргалаңда кар басып каза болгон туристтердин аты-жөнү такталды. Окуянын чоо-жайы
RU

Жыргалаңда кар басып каза болгон туристтердин аты-жөнү такталды. Окуянын чоо-жайы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Жыргылаң айылындагы тоодо кар көчүп, 4 турист каза болгону маалым болгон. Облустук ички иштер башкармалыгынан каза болгондордун аты-жөнү такталганын жана окуянын чоо-жайын маалымдашты.

Такталгандай, 23-февралда Чехия мамлекетинин 23 жараны лыжа тебүү максатында Ысык-Көлгө келип, Жыргалаңдагы мейманканага жайгашкан.

25-февраль күнү эртең менеки саат 9:00 чамасында 2 топко бөлүнүп, лыжа тебүүгө тоого чыгышкан. 14 адамдан турган топ тоодон лыжа менен түшүп келе жатканда капысынан көчкү жүрүп, баарын кар басып калган. Алардын ичинен 10 адам бири-бирин куткарышып, басып калган кардын астынан чыгышкан. Калган 4 адам, кардын астында калып, каза болуп калган.

Каза болгондор - Чехия мамлекетинин 1978-жылы туулган К.П., 1994-жылы туулган С.М., 1982-жылы туулган Ж.Т. жана 1995-жылы туулган О.В. экени аныкталган.

Учурда соттук медициналык экспертиза дайындалып, Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан териштирүү жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15618