Жыргалаңда 4 адам кар көчкү алдында калып каза болду. Видео
RU

Жыргалаңда 4 адам кар көчкү алдында калып каза болду. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жыргалаңда төрт адам кар көчкү алдында калып каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

ӨКМ билдиргендей, каргаша 25-февралда Ак-Суу районунун Жыргалаң айылындагы Тулпар-Таш жайлоосунда болгон. Ал жерде 23 адамдан турган туристтер тобу жүрүшкөн. Алар лыжа тээп жүргөн Чехия менен Словакиянын жарандары болгон.

Саат 13:00 чамасында ал жерде кар көчкү жүрүп, төрт адам (Чехиянын жарандары) кардын астында калган. Туристтер каза болгондордун сөөгүн өздөрү казып, ташууга жардам сурашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15616