Мэрия: Сүйөркулов көчөсүндөгү үйдүн жашоочуларына ипотека аркылуу турак жай берилет
RU

Мэрия: Сүйөркулов көчөсүндөгү үйдүн жашоочуларына ипотека аркылуу турак жай берилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Сүйөркулов көчөсүндөгү көп кабаттуу имараттан чыгарылган жарандарды шаар мэри Айбек Жунушалиев кабыл алды. Калаа башкармалыгынан маалымдашкандай, жашап жаткан батирлеринен чыгарылып, турак-жайга муктаж болгондорго жардам берүү маселеси талкууланды.

Белгилесек, 1-мартта Бишкектин Сүйөркулов 16/1 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн жашоочулары мажбурланып чыгарылган. Көп балалуу үй-бүлөлөр, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана жаңы төрөлгөн балдары бар 6 үй-бүлө убактылуу жашоочу жайларга жайгаштырылган.

Жашоочулар Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу батир алуу сунушун киргизишти. Өз кезегинде шаар башчысы бул демилге көзөмөлгө алынып, турак жайга муктаж болгондорго Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу батир алууга көмөк көрсөтүлөрүн белгиледи.

Мэриянын маалыматы боюнча, Сүйөркулов көчөсү, 16\1 дарегиндеги көп кабаттуу имаратта 24 кеңсе жайгашкан, ошондой эле 2-4-кабаттын жарымы коммерциялык сатууга ылайыкташтырылган. 5-кабаттан 9-кабатка чейин 45 кеңсе бөлмөсү курулган.

Бүгүнкү күндө 69 кеңсенин бардыгында жай тургундар жашайт, башкача айтканда, бул объект турак жай катары пайдаланылып келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15657