Бишкектин Сүйөркулов көчөсүндөгү үйдүн жашоочуларын мажбурлап чыгаруу иши жүрүүдө
RU

Бишкектин Сүйөркулов көчөсүндөгү үйдүн жашоочуларын мажбурлап чыгаруу иши жүрүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Сүйөркулов 16/1 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн жашоочуларын чыгарып жатышат. Бүгүн, 1-мартта милиция кызматкерлери менен мэриянын өкүлдөрү аталган дарекке барышты.

Аким бул имарат бизнес борбор катары курулганын түшүндүрдү. "Башка талаштуу имараттар турак-жай үчүн курулган. Бирок бул имарат соода борбору үчүн курулган. Мындан улам көчүрүү иштери жүрүп жатат", - деди ал.

Тургундар көп кабаттуу имараттан батирлерди сатып алганын, барарга жери жок экенин айтышууда. Алар акимди имаратка киргизбөөгө аракет кылышты.

Белгилесек, үлүшчүлөр "Квартал строй" компаниясынын Сүйөркулов, 16/1 дарегиндеги имаратынан батирлерди сатып алышкан. Бирок "Нур-Жаннат ЛТД" компаниясы курулган үйдө жашап жаткандарды чыгарууну талап кылууда. Буга чейин 60тан ашык тургун бир нече жолу митингге чыгышкан. Жашоочулар көйгөйдү чечүү үчүн УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылышкан. Мэрия бул имарат турак жай катары эмес, административдик имарат катары курулганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15647