Ошто өспүрүм кыз көз жарган. Милиция окуяны териштирүүдө
RU

Ошто өспүрүм кыз көз жарган. Милиция окуяны териштирүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Өзгөн районунда апрель айында 16 жаштагы кыз төрөгөнү айтылды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынан Kaktus.kg сайтына өспүрүмдүн көз жарганын ырастап, жогорудагы билдирүү боюнча маалымат беришти.

Милициянын маалыматына ылайык, өспүрүм 16 эмес, 17 жашта жана ал студент.

"2023-жылдын 15-декабрында Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө 17 жаштагы кыз кош бойлуу экендиги тууралуу маалымат катталган. Бул факты боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган, жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет", - дешет башкармалыктан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15896