Жалал-Абадда ымыркайын таштандыга калтырып кеткен энеге соттун чечими чыкты
RU

Жалал-Абадда ымыркайын таштандыга калтырып кеткен энеге соттун чечими чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абаддага Спутник кичи шаарчасында убактылуу жашаган батирде өз алдынча төрөп, андан кийин ымыркайын таштандыга калтырып кеткен кызга сот өкүм чыгарды. Обулстук соттон Kaktus.kg сайтына билдиришкендей, айыпталуучу пробация менен бошотулду.

9-февралда Жалал-Абад шаардык сотунун өкүмү менен айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин 37-125-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 2 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазасын аялдардын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөгө милдеттендирилген.

Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде, Т.Э.И. 1 жыл пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен чектелген жазаны өтөөдөн бошотулган.

Окуя тууралуу

Былтыр 18-ноябрда саат 08:40 чамасында Спутник кичи шаарчасындагы таштанды таштоочу жайда жаңы төрөлгөн ымыркай кыз табылган.

Териштирүү учурунда ымыркайдын апасы - 2005-жылы туулган Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын тургуну Т.Э. экендиги аныкталган. Ал 18-ноябрь күнү саат 07:30 чамаларында убактылуу жашаган батиринин душунун ичинде төрөп, коркконунан төрөгөн кызын кийимге ороп, таштанды таштоочу жайга алып барып таштап койгон.

Ымыркайды таштанды таштоочу жайдан таап алган жаран менен милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү төрөт үйүнө алып барышкан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15686