Садыр Жапаров бейбаштыкка шектелип кармалган тарапташтары боюнча үн катты
RU

Садыр Жапаров бейбаштыкка шектелип кармалган тарапташтары боюнча үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык милициясы бейбаштыкка шектелген алты киши кармалганын айтып, сүрөттөрүн жарыялады. Кармалгандардын жоон тобу "Мекенчил" партиясынын өкүлдөрү экендиги социалдык тармакта талкууга алынды. Бул окуяга байланыштуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине пикирин билдирди.

Айтымында, кийинки убакта "мекенчилмин" деген аферист, шантажчылар пайда болду.

"Камалгандардын арасында экөө шантажчы. Бирөөлөрдү шантаж кылып жеңил акча таап жан бакканга өтүп алышыптыр. Берки үчөөнү "кайсы кара теке сүздү" билбейм. Мен камалгандардын бирөөсүнүн шантаж кылып жүргөн СМС-билдирүүлөрүн, телефон чалууларын, үн жазууларын угуп 1 ай мурда чакырып эскерткем: "Эй жигиттер, минтип арам акча менен жан бакпай иштегиле, бизнес кылгыла, таза жашоого өткүлө" деп. Эми анын баарын айтып майдаланбай эле коёюн. Алардын бир туугандары жакшы билишет. Бир туугандарынын катышуусунда эскерткем: "Эй жигит, жапжаш эле бала экенсиң. Иште, адал эмгек менен акча тап" деп.

Эгер кимде-ким мыйзамсыз иштерге барса, бирөөдөн шантаж кылып акча дооласа, коррупцияга аралашса "мекенчил" эмес, ким болсо да жоопко тартылат.

Мекенчил болсоң чын жүрөктөн мекенчил бол. Мамлекет үчүн мекенчил бол. Мен мекенчилмин деп бирөөгө милдет кылба. Чыныгы мекенчилдер кыйкырбай эле, милдет кылбай эле мекенчил болуп жүрүшөт. Алардын баарын билем, тааныйм, бийик баалайм. Шантажчылар мурдатан эле "президентке жамандап кызматтан алдыртабыз" деп шантаж кылып акча алып жүрүшкөнүн билип, эки тарапты тең чакырып, эскерткем: "Мамлекеттик кызматкерлердин кимиси кандай иштеп жатканы мага даана көрүнүп турат. Мурдагы заман жок. Бирөө мамлекеттин акчасынан бир тыйын уурдай албайт. Мейли мурда ким болбосун, кайсы партия менен шайлоого барбасын бөлбөймүн. Азыр күчтүү кадрлар жетишпей жатат. Сынчылар көп, колдорунан иш келбейт. Алардын баарын көрдүм.

Менин башкаруу мөөнөтүмдө эл үчүн, мамлекет үчүн күнү-түнү дебей кара жанын карч уруп иштеп берген кызматкерлерди колдойм.

Тигини кызматтан ал, муну кызматтан ал деген сөздөрүңөрдү токтоткула. Ким иштей албай жатса, уурдаса силерсиз эле кызматтан алам" деп узаткам. Жеңил жашоого көнүп алган адам оңолбойт экен да.

Мен кандай болбосун бир жактуу эле карап жыйынтык чыгара бербейм. Сөзсүз эки жакты тең угуп, кайсы тарабында чындык бар экенин тактап туруп анан жыйынтык чыгарам. Ошондуктан мекенчилдер камалды деп ызы-чуу түшө бериштин кереги жок. Медалдын эки бети бар экенин эстен чыгарбагыла", - деди перзидент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15901