Садыр Жапаров талапкерлердин биринин суракка алынуусу боюнча пикирин айтты
RU

Садыр Жапаров талапкерлердин биринин суракка алынуусу боюнча пикирин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 16 ноябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин биринчи отуруму өттү. Отурумдун соңунда шайлоо тууралуу кеп кылды.

"Аттарын айтсам туура эмес болуп калат. Бир талапкер мектеп окуучуларын колдонуп, суракка барып жатат. Ошол талапкер мыйзамдуулукту, коррупциянын тазаланып жок болушу боюнча булбулдай сайрайт. Бирок өзү ушул жолго барып жатат. Сындаганды билсең, өзүң сындалбаганга аракет кылышың керек да.

Жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоодо трибунадан баягыдай эле шайлоо болуп жатат деп кыйкырып жатышат. 3 жарым миллион шайлоочунун артынан аңдып жүрө албайт экенсиң да. Бир саатка жетпей ошол талапкердин партиясынын кишиси добуш сатып алуу боюнча өзү кармалып калып жатат. Саясатчылар, блогерлер, журналисттер чыныгы ниети менен күрөшүп жатса анда өздөрүнөн башташсын", - дейт Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4349