Сокулукта жер мафиясынын мүчөсү делген жаран кармалды
RU

Сокулукта жер мафиясынын мүчөсү делген жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук районундагы мунапыстагы жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу менен алектенген жаран кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Комитет тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамга ылайык, мунапыс берилген жер тилкелерин алдамчылык жолу менен мыйзамсыз сатуунун туруктуу схемасы аныкталган.

"Гектарщик" жер мафиясы деген топтун мүчөлөрү алдамчылык схемасын уюштуруп, мурда мунапыс алган жер тилкелерине ээлик кылып, сатып алуучуларды таап, аларга жер тилкесин тескөө боюнча ишеним каттарды беришкен. Ошол эле учурда жер тилкелери үчүн акча каражаттарды алгандан кийин аталган схеманын уюштуруучулары Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Сокулук районундагы бөлүмүнүн кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү арыз берүү менен жокко чыгарышкан, тагыраагы, сатып алуучуларга мүлккө болгон укуктарын каттоого мүмкүнчүлүк берилген эмес. Алдамчылык аракеттердин натыйжасында сатып алуучулар өзгөчө ири чыгымга учурашкан", - деп айтылат маалыматта.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында К.А.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Сокулук райондук бөлүмүнүн кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү, ошондой эле алдамчылык схеманын башка катышуучуларын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15922