Көлбаев, Матраимовго байланышы бар 180ден ашуун мамлекеттик кызматкер иштен алынды
RU

Көлбаев, Матраимовго байланышы бар 180ден ашуун мамлекеттик кызматкер иштен алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК Камчы Асанбек жана Райым Матраимовдун мафиясы менен тымызын байланышта болгон 226дан ашык ар кандай даражадагы мамлекеттик кызматкерлердин бети ачылды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, алардын ичинен 180ден ашууну ээлеген кызматынан четтетилди жана бошотулду.

"Бир эле бажы кызматында 85 кызматкер аныкталып, анын ичинен 76 кызматкер иштен бошотулса, Ички иштер министрлигинде 26 кызматкер аныкталып, анын ичинен 14 кызматкер кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетилди, жергиликтүү кеңештин 6 депутаты мандатын тапшырды, 65 кызматкер райондук мамлекеттик администрациядан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ал эми башка министрликтер менен ведомстволордо иштеген бир катар кызматкерлер аныкталып, кызматынан бошотулду", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда калган аныкталган мамлекеттик кызматкерлер боюнча тиешелүү кошумча иштер улантылууда.

Эске салсак, буга чейин да бир катар Көлбаев жана Матраимов менен байланышы бар мамлекеттик кызматкерлер иштен алынган эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15113