Жогорку Кеңште жаңы депутат ант берди
RU

Жогорку Кеңште жаңы депутат ант берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Советбек Рустамбек уулу ант берди. Ал мурдагы депутат Эмилбек Жусуповдун ордуна келди.

Советбек Рустамбек уулу Кыргыз Республикасынын "Алыш" бел боо күрөшү боюнча улуттук федерациясынын вице-президенти. 1976-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Кыркол-Сай айылында туулган.

2010-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин "Информатика жана экономика" адистиги боюнча аяктаган. 2014-жылы ушул эле окуу жайды инженер-куруучу адистиги боюнча аяктаган. Ал "Бир Бол" партиясынан (2020) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. Жогорку Кеңшке "Ишеним" партиясынан келди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16018