Эмилбек Жусуповдун депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду
RU

Эмилбек Жусуповдун депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин "Ишеним" фракциясынын депутаты Эмилбек Жусуповдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Мындай чечимди бүгүн, 22-апрелде Кыргызстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү Эмилбек Жусуповдун жеке арызынын негизинде кабыл алышты.

Анын ордуна БШК "Алыш" улуттук бел боо күрөшү федерациясынын вице-президенти Советбек Рустамбек уулун депутаттыкка каттап, күбөлүк тапшырылды.

Белгилесек, Эмилбек Жусупов 2021-жылы "Ишеним" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Ал "Эмаком" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16001