Пакистандык студенттер кыргызстандыктарга кайрылды
RU

Пакистандык студенттер кыргызстандыктарга кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Пакистандык студенттер социалдык тармак аркылуу кыргызстандыктарга кайрылышты.

Алар окуянын чоо-жайын түшүндүрүшүп, пакистандыктардын кыргыз менен египеддиктердин ортосунда болгон маселеге тиешелери жок экенин кошумчалашты.

"Биз үчөөбүз жалпы пакистандыктардын атынан видео кайрылуу жасап, маселе эмнеден келип чыкканын айтып берели деп чечтик: үч египеддик бала кыргыз балдар менен мушташа кетишкен. А биз Пакистандыкпыз. Бул жерде студентпиз. Пакистандык студенттер окуу-үй болуп эле жүрөбүз. Ооба, айрым жаңы келген жаш студенттер таштанды таштап, мыйзам бузулушу мүмкүн. Бирок, биз аларды өзүбүз тарбиялап коноктой жүрүш керектигин үйрөтүп алабыз. Бул маселени баштагандар египеддиктер. Силер кечээ эмне болгонун көрдүңүздөр. Көп кишилер жатаканага барып, көп балдарды сабап коюшту. Жатканадагы балдарга мейли, бирок ал жерде кыздар да жашайт. Кыздарга тийгендин эмне кереги бар?", - дешти алар.

Алар жаман улут жок бирок жаман адамдар бардык жерде болоорун кошумчалашып, ынтымакка чакырышты.

"Биз баарыбыз мусулманбыз го. Мусулман мусулманга бир тууган. Биздин айткыбыз келгени: биз бул жакта окугубуз келет. Бизди азыр ата-энелербиз алып кеткилери келип жатышат бирок, биз окуубузду аяктагыбыз келет. Биздин айткыбыз келгени: биз башка, алар башка өлкөдөн. Алар үчүн биз жооп бербейбиз да. Кечээ жапа чеккендердин арасында пакистандык, индус жана бангладештиктер болду. Көбү студент, иштегени келгендер да бар. Бул абдан жаман көрүнүш. Бардыгыңыздар тик ток, инстаграммдан көрдүңүздөр. Өзүңүздөр ойлонгулачы, алар алсыз, муктаж 20-21 жаштагы гана балдар. Бул жакшы эмес да. Мындан кийин бул сыяктуу окуядар болбосо экен деп тилейбиз", - дешти алар.

Пакистандыктар чет элдиктер мыйзам бузса же жаңы келген студенттер эреже бузуп жатса мыйзам алдында жооп берет дешип, жаштарды маданияттуулукка өзүбүз үйрөтөбүз деп кошумчалашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16184