Бишкекте чет элдиктер катышкан мушташ. Топтолгон адамдар таңга маал тарашты
RU

Бишкекте чет элдиктер катышкан мушташ. Топтолгон адамдар таңга маал тарашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 17-майда чет элдиктер катышкан мушташтын видеосу тарап, сабалгандар Кыргызстандын жарандары экени айтылган. Кечке жуук бир нече адамдан турган топ мушташ болгон жакка барышкан. Чогулгандар саны өсүп, жерине күч органдарынын кызматкерлери тартылды.

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмү бул окуя боюнча "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун, чет өлкөлүк 3 жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирген.

Андан көп өтпөй үч жарандын кечирим сураган видеосу жарыяланды. "Кыргызстандын бардык элинен кечирим сурайбыз. Мындай кайра кайталанбайт деп убада беребиз. Кыргызстандын мыйзамын сактап, кечирим сурайбыз. Кылганыбыз үчүн толук жоопкерчилик алууга даярбыз", - дейт кармалгандардын бири.

Чогулган миңдей адам 18-майга караганда таңга жуук тарашты. Милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп, жеринде УКМК, ИИМдин жетекчилери жүрүштү.

Эскерте кетсек, 13-майда Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишине жакын жерде жергиликтүү тургундар менен чет элдиктердин ортосунда мушташ чыккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16176