Садыр Жапаров: 18-майдагы окуяны үчүнчү күчтөр пайдаланууга аракет кылды
RU

Садыр Жапаров: 18-майдагы окуяны үчүнчү күчтөр пайдаланууга аракет кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги башаламандык боюнча үн катып, 18-майдагы окуяны үчүнчү күчтөр пайдаланууга аракет кылганын айтты. Ал күч органдары өз маалында чара көрбөгөнүн кошумчалады.

"Ооба, күч органдары өз маалында чара көрүп, жүргүзүп жаткан иштерин убагында коомчулукка чыгарганда, балким, мындай болбойт эле. ИИМ 13-майда болгон окуянын себепкерлерин кармап, ыкчам аракеттерди жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү камап жаткан. Тилекке каршы, бул кырдаалды башка күчтөр, жагдайды курчутууга кызыкдар тараптар пайдаланып кетүүгө үлгүрүштү", - деген ал.

Белгилесек, 18-майга караган түнү болгон ызы-чуудан 29 адам медициналык жардам сурап кайрылып, анын ичинен 15 адам Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлгөн. 19-майда жалпы 180 чет элдик мекенине кеткени маалымдалып, алардын экинчи бөлүгүн да алып кетүү пландалып жатканы айтылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16194