180 пакистандык мекенине учуп кетти. Катарында жабырлануучулар бар
RU

180 пакистандык мекенине учуп кетти. Катарында жабырлануучулар бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 18-майдан 19-майга караган түну Кыргызстандан 180 пакистандык жаран мекенине атайын учак менен учуп кетишти. 180 кишинин ичинде 140 студент, калганы Кыргызстанда жашап, иштеп жүргөндөр.

Аларды аэропорттон Пакистандын ички иштер министри Мохсин Накви тосуп алды.

Белгилесек, 18-майга караган түнү болгон ызы-чуудан 29 адам медициналык жардам сурап кайрылып, анын ичинен 15 адам Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16185