Меккеде ажылык учурунда каза болгондордун саны 1,3 миңден ашты
RU

Меккеде ажылык учурунда каза болгондордун саны 1,3 миңден ашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сауд Аравияда ажылык учурунда каза болгон зыяратчылардын саны 1,3 миңден ашты. Мындай маалыматты аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Фахад бин Абдул-Рахман аль-Джаладжель билдирди деп жазышат басылмалар.

Маалыматтарга караганда, каза болгондордун сөөгү Меккеге коюлат.

"Ажылык учурунда каза болгондордун саны 1301ди түздү, алардын ичинен 83%ынын тиешелүү визасы жок болуп чыкты", - деди министр.

Учурда 95 зыяратчы ооруканаларда дарыланууда, алардын айрымдары Эр-Риядга жеткирилди. Каза болгондордун өздүгүн тактоо процесси кечеңдеп, алардын жанында документтери жок болгон.

Саламаттыкты сактоо министри өлүмдүн көп учурлары өлүм катуу ысыктан, чаңкоодон жана физикалык чарчоодон болгонун белгиледи ал. Меккеде абанын температурасы +51 градуска жетти.

Каза болгон зыяратчылардын ичинен 660 египеттик бар. Бирок 31 гана египеттиктин тиешелүү документтери болгон. Египет зыяратчыларга Сауд Аравияга уруксатсыз барууга жардам берген 16 туристтик агенттиктин лицензиясын жокко чыгарды. Associated Press агенттигинин маалыматына ылайык, каза болгондордун арасында Индонезиядан 165, Индиядан 98 жана Иордания, Тунис, Марокко, Алжир жана Малайзиядан ондогон адамдар бар.

2024-жылы 1 миллион 830 миңдей зыяратчы ажылыкка барса, анын 1,6 миллиону чет элдиктер. Бир жыл мурда ажылык учурунда кеминде 240 адам каза болгон. Ысыктан улам 10 миң зыяратчы ооруга кабылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16438