Меккеде 500дөн ашык зыяратчы каза болду. Муфтият кыргызстандыктардын абалын айтты
RU

Меккеде 500дөн ашык зыяратчы каза болду. Муфтият кыргызстандыктардын абалын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сауд Аравияда аба ырайы кескин ысып, жүздөгөн зыяратчылар каза болду. AFP басылмасы араб дипломаттарына таянуу менен Меккедеги абанын температурасы 51 градустан ашты деп жазат.

Маалыматка караганда, каза болгондордун ичинен 323 жаран египеттиктер. Алардын көбү ысыкка байланышкан оорудан улам каза болгону айтылат.

Белгилесек, учурда Мекке шаарында кыргызстандык зыяратчылар да жүрүшөт. Муфтияттан ажылык учурунда каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок экенин, мекендештердин абалы боюнча маалымат беришти.

"Кудайга шүгүр, кыргызстандык зыяратчылардын баары аман-эсен, абалдары жакшы. Жеринде ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө штаб иштейт. Андан тышкары ажы башчылар, 20га жакын дарыгерлерибиз бар. Башка өлкөнүн жарандары зыярат учурунда каза болгону туурасында маалыматыбыз бар. Күн сайын штабдан кабар алып, көзөмөлдөп жатабыз", - дейт Муфтияттын маалымат кызматынан.

Маалым болгондой, зыяратчылардын алгачкы тобу 22-июндан баштап өлкөгө келе баштайт.

Сауд Аравия бийлигинин маалыматы боюнча, быйыл ажылыкка 1 миллион 800 миңдей зыяратчы барган, анын 1 миллион 600 миңи чет өлкөлөрдөн келген. Аталган өлкө мээ кайнаткан ысыкка байланыштуу зыяратчыларга кол чатыр колдонууну, сууну көп ичүүнү жана эң ысык сааттарда күнгө чыкпоону сунуштады.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16406