Бишкекте мыйзамсыз иштеп жаткан 2 диний лагерь аныкталды
RU

Бишкекте мыйзамсыз иштеп жаткан 2 диний лагерь аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте көмүскө иштеген диний лагери аныкталып, ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Коопсуздук комитети мыйзамсыз диний ишмердүүлүккө каршы күрөштүн алкагында балдардын эки лагерин тапкан.

Аталган мекемелер Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өтпөй туруп, ишмердүүлүк жүргүзгөндүгү аныкталып, анда 6-17 жаштагы 110 бала (балдар жана кыздар) билим алганы белгилүү болгон.

Комитеттин маалыматы боюнча, жашыруун лагерлердин уюштуруучусу 1992-жылы Тажикстан Республикасында туулган А.А.А., жарандыгы кыргыз.

Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө аталган лагерде санитардык-эпидемиологиялык нормалар бузулганы, билим берүү программалары сакталбаганы аныкталды. Учурда аталган балдар диний лагеринин ишмердүүлүгү токтотулуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Маалымдама: "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" мыйзамдын 5-беренесинин 4-пунктуна ылайык, балдарды диний уюмдарга тартууга жол берилбейт.

УКМК ата-энелерге балдарын ар кандай диний мекемелерге, анын ичинде балдардын диний лагерлерине берерден мурда диний объекттин ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экендигин эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16617