Караколдо мыйзамсыз иштеген диний мекемеде 35тен ашык бала окуп жатканы аныкталды
RU

Караколдо мыйзамсыз иштеген диний мекемеде 35тен ашык бала окуп жатканы аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан диний билим берүү мекемеси аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Комитеттен билдиришкендей, аталган мекеме дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдан каттоодон өткөн эмес, ошондой эле дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдан уруксат кагаздарды албай ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген.

Текшерүү учурунда ал жерде үч мугалим иштеп, 35тен ашык жашы жете элек балдар билим алып жаткандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен диний билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулуп, алдын алуу чаралары көрүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16526