Ошто сел алып кеткен бешинчи адамдын сөөгүн өзбек куткаруучулары табышты
RU

Ошто сел алып кеткен бешинчи адамдын сөөгүн өзбек куткаруучулары табышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында сел суулары алып кеткен бешинчи адамдын сөөгү табылды. ӨКМдан кабарлашкандай, 39 жаштагы аял Оштогу борбордук базардан агып кеткен.

16-июлда изделип жаткан 1985-жылы туулган Б.А. аттуу аялдын сөөгү Өзбекстандын куткаруучулары тарабынан Андижан шаарындагы сайдан табылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кайрылуусунун негизинде Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары издөө-куткаруу ишин жүргүзүшкөн.

Буга чейин сел алып кеткен 4 адамдын жансыз денеси табылып, экөө Өзбекстандын Шахронсой сайынан аныкталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16672