Өспүрүмдү кордогон Сокулуктун "принци" УКМКнын СИЗОсуна киргизилди
RU

Өспүрүмдү кордогон Сокулуктун "принци" УКМКнын СИЗОсуна киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулукта 15 жаштагы өспүрүмдү кордоп, өзүн "принц" атаган 19 жаштагы жигит УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына укук коргоо кызматкерлери билдирди.

Айтымдарында, эки күн мурда УКМКнын тергөө кызматы Сокулук РИИБден иштин материалдарын иликтөө үчүн сураган. Кылмышка шектүү 26-сентябрга чейин соттун чечими менен УКМКнын СИЗОсуна камакка алынганы маалым болду.

Белгилесек, буга чейин социалдык тармактарга өспүрүмдүн бутуна бычак сайып, өзүн "принц" деп атоого мажбурлап, бутун өптүргөн 19 жаштагы жигиттин видеосу тараган. Бул факты боюнча "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кийин "Кыйноо" беренесине алмаштырылып, тергөө жүрүп жаткан. Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16814