Сокулукта өспүрүмдүн санына бычак сайып, бутун өптүргөн бала кармалды
RU

Сокулукта өспүрүмдүн санына бычак сайып, бутун өптүргөн бала кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзүн "принц" деп атоону талап кылып, жаракат алган балага бутун өптүрүп жаткан өспүрүмдүн видеосу социалдык тармакка тарады. Интернет колдонуучулар тараткан маалыматка караганда, окуя 24-июлда болгон. Бутун өптүргөн бала өспүрүмдөрдү коркутуп, акча чогултары айтылган.

Аталган окуя боюнча Чүй ОИИББге кайрылганыбызда өзүн "принц" деп атаган балага карата "Бейбаштык" беренеси боюнча иш козголгонун билдиришти.

25-июлда Сокулук РИИБине М.М. аттуу аял арыз менен кайрылган. Ал 24-июлда болжол менен саат 20:00 чамасында Сокулуктагы Калинин көчөсүндө 2008-жылы туулган баласын И. аттуу бала бычактап салганын айткан. Анын кесепетинен өспүрүм ооруканага жаткырылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси "Бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголгон. Арыз ээсинин айтымында, кол салган адам ошол аймактагы өспүрүмдөрдү коркуткан.

26-июлда кылмышка шектүү катары 2005-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Факты боюнча экспертиза дайындалып, тергөө уланууда дешти башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16777