Мээрим Жуманазарова Олимпиададан катары менен медаль алган биринчи спортчу болду
RU

Мээрим Жуманазарова Олимпиададан катары менен медаль алган биринчи спортчу болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында
Балбан Мээрим Жуманазарова Парижде өтүп жаткан жайкы Олимпиадада 68 кг салмакта күч сынашып, күмүш байге тагынып, кыргыз элин бул ирет да сүйүндүрүп, желегин дүйнөлүк державалар менен тең ата көтөрдү.

Мээрим Жуманазарова акыркы бир жылдан ашык убакыттан бери алган жаракатына, ийинине жасалган операциясына байланыштуу эл аралык мелдештерге катышпай калган. Ал бир топ тыныгуудан кийин Кыргызстанда өткөн Олимпиадага жолдомо үчүн квалификациялык беттеште ийгилик жасап, акыркы лицензияны илип кеткен.

Олимпиадага жолдомо алган Мээрим Жуманазарованы финалга ишенимдүү жетип, байгелүү орун алып келет деп көпчүлүк ойлогон эмес. Себеби, балбан кыздын акыркы учурда мелдештерге катышпаганына байланыштуу рейтинги төмөн эле.

Эске салсак, Мээрим Жуманазарова 2023-жылы сентябрда өткөн Дүйнө биринчилигинде алгачкы атаандаштарын жеңип баштаганы менен жаракатынан улам беттешти уланта албай, дүйнө биринчилигинен четтеп калган.

Бирок бул сөздөр балбандын психологиялык, физикалык даярдыгына тоскоол болгон жок. Ал дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турган, "быйыл Олимпиада жеңүүчүсү болот" деген мыктыларды беттештен четтетип салды.

Муну менен Мээрим Жуманазарова Кыргызстанда катары менен Олимпиада оюндарында медаль алып келген биринчи кыргызстандык балбан аталды.

Айсулуу Тыныбекова үчүн Озакиден реванш алды

Жуманазарованын Олимпиададагы алгачкы атаандашы монголиялык балбан болду. Ал 68 килограммга чейинки салмакта 1\8 финалда монголиялык Дэлгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты.

Андан соң япониялык балбан кыз Ноноки Озаки менен беттеш өткөрдү. Жуманазарова Озакиден акыркы 2 секундда жеңишти илип кетти.

Эске салсак, Ноноки Озаки буга чейин 62 килограммга чейинки салмакта күрөшчү. Ал Айсулуу Тыныбекова менен 2022-жылы Сербияда өткөн дүйнө биринчилигинде финалга чыгып, кыргыз балбанын утуп кеткен. Ошондой эле Айсулуу Тыныбекова 2023-жылы өткөн Азия оюндарында Озаки менен чейрек финалда кез келип, утулуп калган. Мээрим Жуманазарова бул ирет Айсулуу Тыныбекованын реваншын алды десек да болот.

Жуманазарова үчүнчү беттешин нигериялык балбан Блессинг Обородудуну жеңип, финалга чыкты. Блессинг Обородуду 68 килограммга чейинки салмактагы титулу көп балбандардын бири. Ал 2020-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси жана Африканын 13 жолку чемпиону.

Нигериялык балбанды уткан Жуманазарова финалда АКШнын 20 жаштагы өкүлү Амит Элор менен кез келди.

Тилекке каршы, 0:3 эсебинде кыргыз балбаны жеңишти америкалык балбанга алдырып жиберди. Амит Элор чоңдор арасына дүйнөнүн эки жолку, жаштар арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону.

Кыздары кыйын кыргыздын

Мээрим Жуманазарова 25 жашта. Таласта төрөлүп, өскөн. Кыргызстандык спортчу эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиону (2021), Дүйнө кубогунун ээси (2020), Токиодого Олимпиадада коло медаль алган (2020), Азиянын чемпиону (2021) жана Азия оюндарында да медаль алган. Эми мынтип Париждеги Олимпиада оюндарынын күмүш медалын утту (2024). Эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери. Кыргызстандын тарыхында Олимпиада медалын алган биринчи айым.

Бул Олимпиада оюндары Жуманазарованын жаракатынан кийинки эл аралык мелдештеринин биринчиси болду. Кыргыз балбанынын күмүш медалы - ал калыбына келип, дагы бийиктиктерди багындырууга бел байлаганын билдирет.

Жуманазарованын ар бир беттешин күйөрмандары, күрөш сүйүүчүлөрү жана кыргыз эли калтырбай көрүшүп, аралыктан сүрөп жатышты. Балбандарды колдоо үчүн күйөрмандар үчүн аянтчалар түзүлүп, кармаштар түз эфир аркылуу көрсөтүлүп жатта.

Алдыда кыргыздын дагы эки балбан кызы - Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарында күч сынашат.

Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмак ченинде беттешти 9-августта баштайт. Ал Токиодогу Олимпиадада күмүш байге алган болчу. Ал эми 76 килограмм салмак ченинде Айпери Медет кызы беттешти 10-августта өткөрөт. Спортчуларыбызга ийгиликтерди каалайбыз!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16897