Мээрим Жуманазарова жаракатынан улам дүйнө чемпионатына катышпай калды
RU

Мээрим Жуманазарова жаракатынан улам дүйнө чемпионатына катышпай калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мээрим Жуманазарова жаракатынан улам дүйнө чемпионатынан четтетилди. Ал 1/4 финалга чыккан. Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан эле.

Ал эки атаандашын 1/16да перулук Янет Урсула Соверо Нино менен беттешип, 1/8де украиналык Татьяна Рыжко менен беттешип, жеңишке жеткен. Дал ушул украиналык балбан айым менен Мээрим Жуманазарова беттешкенде жаракат алып, күрөштү улантууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Буга ылайык, чейрек финалдын алдында кыргызстандык спортчу турнирден баш тартууга аргасыз болгон.

Буга байланыштуу Мээрим Жуманазарова Олимпиадага жолдомо ала албай калды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14487