Садыр Жапаров мүрзөгө эстелик тургузбоо боюнча сындарга жооп берди
RU

Садыр Жапаров мүрзөгө эстелик тургузбоо боюнча сындарга жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекет башчы Садыр Жапаров мүрзөгө эстелик орнотуп айланасын коруп алууга каршы пикирин айткан. Бул өз кезегинде кызуу талкуу жаратып, сын-пикирлер айтылды. Өлкө башчы көрүстөндөр жана ага байланыштуу көйгөйлөр тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине кеңири түшүндүрмө берип, сындарга жооп берди.

"Биринчиден, шарият боюнча мусулман баласынын көрүстөнүн үстүнө баалуу таштарды чектирип сүрөт коюуга, темирден тосмо тосууга, цемент-бетон колдонууга тыюу салынат. Мындай жөрөлгө маркумга эч кандай жардам бере албайт. Тескерисинче, отко бышкан материалдарды колдонуп, мүрзөсүнүн үстүн бастырып салганы үчүн маркумдун арбагы кыйналат деп айтылат.

Экинчиден, биздин өлкөнүн 94 пайызын тоолор ээлейт. Түз жерлерибиз болгону 6 пайызды түзөт. Ушул 6 пайыз түз жерлердин ичинде айылдарыбыз менен шаарларыбыз да жайгашкан. Айдоо жерлерибиз аз. Биз бүгүнкү күндө бир эле буудайды алсак, өзүбүздү өзүбүз толук камсыз кыла албайбыз. Чет өлкөлөрдөн импорт кылып келебиз.

Жыл өткөн сайын түз жерлерибиз ого бетер тарып, азайып барат. Элдин саны жылдан жылга өсүүдө. Элдин саны өскөн сайын тамак-аш көп керектелет. Ошондуктан биз бүгүнкү күн менен жашабашыбыз керек.

Ар бирибизде "40-50 жылдан кийин биздин балдарыбыз, келечек муундарыбыз кандай жашайт?" деген санаа болуш керек. Аларга бүгүн кам көрбөсөк, кийин чындап эле алар үчүн чоң баш оору болот.

Мына ошондуктан капталга эмес, бийиктикке өсөлү деп Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишин катуу жандандырдык. Жыл сайын казынадан каражат бөлүп берип жатабыз.

Жакынкы жылдарда айылдарга чейин кабат-кабат үйлөрдү курууга жетишебиз. Азырынча үйлөрдү куруу боюнча иштерибиз айрым кичи шаарлар менен райборборлорго жетти. Эгер бийик кабат үйлөрдү куруу иштери бүгүнкүдөй темп менен уланса, 10-15 жылдан кийин Кыргызстандын ар бир жаранында үй көйгөйү болбойт.

Мисалы, азыркы күндө беш жүз түтүн эл жашаган Кең-Суу айылында эле 100гө жакын жаштар үй салганга жер тилкесин сурап, кезекте турушат. Ал эми 150 түтүн эл жашаган айылдарда болсо 500гө жакын жаштар жер сурап, кезекте турушат. Бул көйгөй өлкөнүн ар бир айылында бар. Жердин жоктугунан экиден, айрым үй-бүлөлөрдө үчтөн келин-уулу менен жашап жаткан ата-энелер четинен чыгат.

Ошондуктан шариат боюнча кайсы көрүстөн болбосун акыркы сөөк коюлуп, ал көрүстөн жабылгандан соң 25 жылдан кийин ал көрүстөндүн үстүн колдоно берсе болот деген чечим бар. Жогорку Кеңеш кабыл алган тийиштүү мыйзамдарда дагы мындай ченем белгиленген.

Жогоруда мен өз айылымдан гана мисал келтирдим. Илгери көрүстөн болуп жаткан жерлерди Союз тарагандан кийин үй салганга бөлүп берген. Азыр тамдар түшүп, жапжакшынакай эле огород кылып иштетип жатышат", - дейт президент.

Ал эми бул пикирди колдобой, салтка каршы келет дегендерге Садыр Жапаров эстеликтен да куран багыштап туруу жогору деген жообун айтты.

"Биздин өлкөдө саясатчылар эки түргө бөлүнөбүз. Биринчиси популист саясатчылар. Алар шайлоодон шайлоого чейин гана жашайт. Резонанс маселе боло калса, куру кыйкырык салып, элге күйгөн киши болуп сындап чыга калышат. "Эл көрсүн" болушат. Элге жакшы көрүнүп калыш керек да. Анткени, кийинки шайлоодо "эсиңердеби мен минтип каршы чыккам, минтип сүйлөгөм, баланча маселеге каршы добуш бергем" деш керек да.

Экинчиси мамлекетчил саясатчылар. Алар чечим канчалык оор болбосун, электораты канчалык каршы чыкпасын мамлекеттин келечеги үчүн чечилип жаткан маселе болсо, эч нерсеге карабастан кабыл алып кете берет. Биз саясатчылардын ушул түрүнө киребиз. Мамлекеттин, келечек муундун кызыкчылыгы үчүн керекпи, тиешелүү чечим кабыл алып, ишти алдыга жылдырып кете беребиз. Бааны тарых өзү берет.

Ошол үчүн "кокуй, сынчы-саясатчылар эмне дейт" деп кылчактап олтурбай, чечкиндүү түрдө жалпы кыргызстандыктарга "көрүстөндөргө темир-таштардан эстелик тургузууну токтотолу" деп кайрылып жатам. Мага айрым саясатчылардын эмне дегени кызык эмес. Менин пикирим ушундай.

Ал эми маркумдарды ыраазы кылыш үчүн үйдө олтуруп эле же алыста жүрсөң деле күнүгө арбактарга багыштап куран оку, ошол жетиштүү. Мына ошондо арбактар ыраазы болот. Темирден койгон эстелик же эки кабаттуу асман тиреген күмбөз, бул биздин салтта жок.

Кээ бир жарандарыбыз: "Биз эстелик тургузбай койсок, айылдаштарыбыз эмне дешет? Ата-энесине эстелик тургуза албай койду деп кеп кылышат да", - дейт. Кеп кылса "президент деле эстелик тургузган эмес, эмне болуптур" деп менин жогоруда айтканымды мисал кылгыла.

Мен күнүгө эртең менен жалпы арбактарга багыштап куран окуп турам. Ошол жетиштүү. Багыштап куран окуу арбактар үчүн эстеликтен миллион эсе пайдалуу жана сооптуу", - дейт Жапаров.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: Sputnik/Саид Гуциев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16674