Автобустун айрым айдоочулары 170 миң сомго чейин айлык алары айтылды
RU

Автобустун айрым айдоочулары 170 миң сомго чейин айлык алары айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги автобус айдоочуларынын маянасы жогорулап, айрымдары 170 000 сомго чейин айлык алышат. Бул туурасында "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров "Ала-Тоо" телеканалынын түз эфиринде айтты.

Жетекчи апрель айынан бери айлык акы көтөрүлгөнүн белгилеген.

"Жакшы иштеген айдоочулар 80-100 000 сом, ал эми айрымдары 170 000 сомго чейин айлык алышты. Биз Москва жана Алматыдагыдай жакшы шарттарды түзүп койдук. Ошондой эле 1-июлдан баштап айдоочулар нааразы болгон төлөм планы жокко чыгарылат", - деди ал.

Капаров D категориясындагы айдоочулук күбөлүгү бар жарандарды ишке чакырып, жумуш орундары бар деди. Ал белгилегендей, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча эрежелерди сактабаган айдоочулар кара тизмеге киргизилген жана алар кайра жумушка алынбайт.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17991