Бишкекте автобустарга жол бербеген айдоочулар айыпка жыгылат
"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы автобустарга жол бербеген айдоочуларга 5500 сом айып пул салынарын эскертти.
Маалым болгондой, муниципалдык ишкана менен патрулдук милиция рейд жүргүзгөн. Анда автобустардын аялдамаларга туура токтошу, жүргүнчүлөрдү коопсуз түшүрүп-отургузуу жана коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн атайын сары тилкеде жүрүү эрежелеринин сакталышы текшерилген.
Белгилесек, коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн сары тилкеде жүрсө айдоочуларга 1000 сом айып пул салынат. Ошондой эле автобус жүргүнчүлөрдү отургузгандан кийин кыймыл баштаса башка транспорт каражаттары ага жол берүүгө милдеттүү.
Бул талапты аткарбаган айдоочуларга Укук бузуулар кодексинин 188-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 5500 сом өлчөмүндө айып пул каралат дешет мекемеден.
