Чаткалдын сел жүргөн Терек-Сай айылына өзгөчө кырдаал режими кирди
RU

Чаткалдын сел жүргөн Терек-Сай айылына өзгөчө кырдаал режими кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чаткал районундагы Терек-Сай айылында 11-июнда сел жүрүп, II даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы кабарлады.

Такталгандай, селдин кесепетинен унаа өтүүчү 6 жана жөө кишилер өткөн 4 көпүрөнү суу каптаган. Мындан тышкары, турак үйлөрдүн короо-жайларын суу каптап, бир малкана жана бир тамдын дубалы ураган.

Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылып жатат дешти башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18019