Манас шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди
Жалал-Абад облусунун Манас шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин облустук башкармалыгынан билдиришти.
Кечээ, 24-майда саат 23:40 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Манас шаарындагы турак үйлөрдүн жана чарбалык курулмалардын короолорун сел суулары каптаган.
Алдын ала маалымат боюнча, 27 турак үйдүн короосун суу каптап, 4 үйдүн ичине жана 1 үйдүн жер төлөөсүнө суу кирген. Ошондой эле 7 көп кабаттуу турак үйдүн короолоруна жана жер төлөлөрүнө сел суулары кирген.
Селдин кесепеттерин жоюу иштерине 84 куткаруучу, 4 мотопомпа, 1 өрт өчүрүүчү унаа, Манас шаардык ЖК кызматтарынан 86 кызматкер жана 9 техника, 47 жергиликтүү тургун, жалпы 217 адам тартылып, учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылууда.
"Жеринде таңкы саат 04:00дө штаб уюштурулуп, Манас шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди", - дешет башкармалыктан.
