Бишкекте дагы бир көчө августка чейин жабылат
11
Бишкектеги жол тармагын оңдоо долбоорунун алкагында Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бул туурасында шаардык мэриядан кабарлашты.
Фрунзе көчөсүн капиталдык оңдоо боюнча долбоордун биринчи этабына байланыштуу ушул жылдын 16-июнунан 1-августуна чейин аталган көчөнүн Осмонкул көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.
Жалпысынан оңдоо иштери Осмонкул көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки аралыкта жүргүзүлөт.
Убактылуу чектөөлөргө байланыштуу Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18020
