Бишкекте Киев көчөсүнүн бөлүгү 15-августка чейин жабылат
Бишкектеги Киев көчөсүндө 15-июндан 15-августка чейин чектөө кирет. Шаардык мэриядан билдиришкендей, аталган көчөдө жылуулук тармактарын оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Ага ылайык, оңдоо иштери Киев көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки тилкесинде жүргүзүлөт. Оңдоо иштерине байланыштуу кесилиштер этап-этабы менен жарым-жартылай жабылып турат. Ар бир тилкедеги иштердин аткарылышына жараша кесилиштер кезек менен жабылат.
Ошондой эле 2027-жылы Киев көчөсүнүн Бейшеналиева көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейинки тилкесинде диаметри 700 мм болгон магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо пландалууда.
"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы шаар тургундарын жана жол кыймылынын катышуучуларын убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана жүрүү багыттарын алдын ала пландаштырууну суранат.
Мэрия ар бир кесилиштин жабылуу графиги тууралуу маалымат берип турарын убадалады.
