Депутат Жогорку Кеңештеги кызматтар мурдагы спикердин үйүндө талкууланганын айтты
Депутат Исманали Жороев Жогорку Кеңештин структурасы жана жаңы чакырылышта ким кайсы кызматтарды ээлей турганы мурдагы төрага Нурланбек Тургунбек уулунун үйүндө талкууланганын билдирди.
Бүгүн, 18-июнда парламентте бир нече депутат "75 аксакалдын каты" боюнча кырдаалды текшерүү үчүн парламенттик комиссия түзүүнү сунушташты. Анда депутат Исманали Жороев Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын тагдырын чечкен мурдагы төрага Нурланбек Тургунбек уулунун аракеттерин дагы кароонуу сунуштады.
"Шайлоодон кийинки күнү эле мурдагы төраганын Аксыдагы үйүндө адамдар чогулганын баарыбыз билебиз. Ал жерде ким кайда барат, ким кайсы комитетти жетектейт, ким төраганын орун басары болот деген маселелер талкууланганын баарыбыз угуп, билебиз жүрөбүз. Мунун баары ошол жерде чечилди. Аталган маселени комиссиянын кароосуна киргизип, сүрүштүрүп чыксак жакшы болот эле, - деди эл өкүлү.
