ӨКМдин 2 кызматкери кармалды
RU

ӨКМдин 2 кызматкери кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башкы прокуратура Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызмат адамдары системалуу түрдө пара алууга шектелип кармалганын маалымдады. Белгиленгендей, Аскер прокуратурасы тарабынан иш козголуп, тергөө жүргүзүлгөн.

"ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери уюмдардын өкүлдөрүнөн долбоордук документтерди оң кароо жана тиешелүү эксперттик корутундуларды даярдап берүү үчүн системалуу түрдө акча каражаттарын алып жүргөндүгү аныкталды. Тергөөнүн жүрүшүндө мыйзамсыз акчалай сый акынын өлчөмү аныкталган мыйзам бузуулардын мүнөзүнө жана каралып жаткан маселенин татаалдыгына жараша 8 000 сомдон 50 000 сомго чейин өзгөрүп тургандыгы такталды", - деп айтылат маалыматта.

УКМК менен биргеликте жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында аталган башкармалыктын жетекчилеринин бири М.И. жана улук инспектору М.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18384