Коляска менен бараткан келинди сүзүп кете жаздаган айдоочуга айып салынды
50
Бишкекте жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден коляска менен бараткан келинге жол бербей, сүзүп кете жаздаган автобус айдоочусуна айып салынды.
Кайгуул кызмат башкармалыгы айдоочуну аныктап, жоопкерчиликке тартышты. Тагыраагы, жол эрежесин бузган айдоочуга 3000 сом айып пул салынган.
Белгилесек, окуя 27-июлда болжол менен саат 7:30да болгон. Келин жөө өтмөктөн өтөйүн деп жатканда автобус бурулуп, аларды сүзүп кете жаздаган. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес.
Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18388
