Бишкекте эне-баланы сүзүп кете жаздаган автобустун айдоочусу иштен алынды
RU

Бишкекте эне-баланы сүзүп кете жаздаган автобустун айдоочусу иштен алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте жөө өтмөктөн коляска менен өтөйүн деп жаткан энеге автобус жол бербей, сүзүп кете жаздады. Окуянын видеосу соцтармактарга жарыялангандан кийин кызматтык териштирүү жүргүзүлгөнүн Бишкек шаардык муниципалдык ишканасынан кабарлашты.

Окуянын жагдайлары видеокөзөмөл аркылуу текшерилип, жыйынтыгында айдоочу жөө өтмөктөн өтүп бараткан жөө жүргүнчүгө жол бербей, жол кыймылынын эрежесин бузганы аныкталды.

"Топтолгон материалдар мыйзам чегинде чара көрүү үчүн ыйгарым укуктуу органдарга жөнөтүлдү. Ошондой эле тартип комиссиясынын чечими менен №36 автобустун айдоочусу ээлеген кызматынан бошотулду", - дешти ишканадан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18378