Чүйдө поезддин терезелерин таш менен талкалаган балдар кармалды
RU

Чүйдө поезддин терезелерин таш менен талкалаган балдар кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Новопокровкада Бишкек-Балыкчы поездинин вагондорунун терезелерин талкалаган балдар аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББден кабарлашты.

Белгилесек, 27-июлда Ысык-Ата районунда белгисиз адамдар жүрүп бараткан поездге таш ыргытып, бир нече вагондун терезелерине зыян келтиришкен.

Ысык-Ата РИИБи териштирүү жүргүзүп, жыйынтыгында вагондун терезелерине зыян келтиргендер табылды. Алар Новопокровка айылынын 2007-жылы туулган К.А., 2011-жылы туулган Ж.А. жана 2009-жылы туулган С.Б. аттуу тургундары экени белгилүү болду. Өспүрүмдөр вагондун терезелерине таш ыргыткандыгын моюнга алышкан.

Учурда бардык зарыл болгон тергөө иштери жүрүп жатат, жыйынтыгы менен балдардын аракеттерине юридикалык баа берилет дешти башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18391