Белгисиз адамдар Балыкчы-Бишкек поездине таш ыргытып, терезесин талкалашкан
135
Бишкек – Балыкчы багытындагы поезд Новопокровка айылынан чыгып баратканда белгисиз адамдар эки тараптан таш менен ургулашкан. Анын кесепетинен вагондун терезелери сынган дешет "Кыргыз темир жолу" ишканасынан.
Окуя 27-июлда саат 22:54 чамасында катталып, бир нече вагондун терезелери сынып, материалдык зыян келтирилген. Темир жол кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында сынган терезелер кыска мөөнөттө алмаштырылганы белгилүү болду.
Бул факты боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. "Кыргыз темир жолу" ишканасы күнөөлүүлөр ыкчам аныкталып, мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат деп ишенерин маалымдады.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18377