Бишкектин Киев көчөсүндө транспорт кыймылына чектөө кирет
RU

Бишкектин Киев көчөсүндө транспорт кыймылына чектөө кирет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Киев көчөсүндө кыймыл жарым-жартылай чектелет. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлады.

Маалым болгондой, 30-июлдан тарта Киев көчөсүнүн Абдрахманов менен Шопоков көчөлөрүнүн ортосундагы, ошондой эле Шопоков менен Ибраимов көчөлөрүнүн ортосундагы тилкелеринде жылуулук тармактарын алмаштыруу жумуштары башталат.

Буга байланыштуу аталган тилкелерде транспорттук кыймыл жарым-жартылай чектелип турат.

Бишкек мэриясы шаар тургундарынан жана конокторунан каттамдарды пландаштырууда убактылуу чектөөлөрдү эске алууну өтүнөт.

Башкы беттеги сүрөт: "Спутник Кыргызстан".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18393