Социалдык тармактын колдонуучусу кастыкты козуткан билдирүү тараткан деп шектелди
RU

Социалдык тармактын колдонуучусу кастыкты козуткан билдирүү тараткан деп шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Threads социалдык баракчасынын колдонуучусу улуттар аралык жана аймактар ​​аралык кастыкты козутууга багытталган материалдарды тараткан деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Белгиленгендей, 330-берене "Расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар ​​аралык кастыкты (пикир келишпестикти) козутуу" боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында 1991-жылы туулган Ш.М.А. кармалган.

"Кармалган адам социалдык баракчага улуттук, этникалык жана аймактар ​​аралык кастыкты козутууга, жарандарды улутуна карап кемсинтүүгө чакырыктар, ошондой эле айрым улуттардын өкүлдөрүнө карата терс мамилени калыптандырууга, улуттар аралык чыр-чатактарды козутууга, коомдук тартипти бузууга жана республикадагы кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган материалдарды жайгаштырган жана тараткан деп шектелүүдө" , - деп айтылат маалыматта.

Кармалган адамдын жашаган жеринен байланыш каражаттары, кылмыш ишине тиешелүү башка буюмдар алынып, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Сурак учурунда Ш.М.А. мурда аныкталган мыйзамсыз басылмаларга катышкандыгын моюнга алган деп кошумчалашты комитеттен. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда. Кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18416