Бүгүндөн баштап туура эмес токтотулган унаалар эвакуацияланат
Бишкекте 1-августтан тартып эреже бузуу менен токтотулган жана токтоп турган транспорт каражаттарын эвакуациялоо боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлөт.
Борбор калаа башкармалыгынан маалымдашкандай, көчө-жол тармагында тартипти камсыздоого багытталган иш-чаралар мэрия менен Жол кайгуул кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
Өткөрүлө турган иш-чаралардын негизги максаттары:
- жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу;
- коомдук транспорттун жана ыкчам кызматтардын тоскоолдуксуз жүрүшүн камсыз кылуу;
- башаламан уюшулган мыйзамсыз унаа токтотууларды жоюу;
- жөө адамдардын коопсуз жүрүшү үчүн тротуарларды жана жөө адамдар өтүүчү аймактарды бошотуу;
- көчө-жол тармагын пайдаланууга тоскоолдук жараткан ээси каралбай калган жана узак убакыттан бери пайдаланылбаган транспорт каражаттарын аныктап, эвакуациялоо.
Коомдук транспорттор үчүн аялдамаларга, жөө адамдар өтүүчү тилкелерге, кесилиштерге жана башка транспорттук инфраструктура объектилерине кирүүгө тоскоолдук жараткан, токтоо жана токтотуп туруу эрежелерин бузуу менен коюлган транспорт каражаттары өзгөчө көзөмөлгө алынат.
Бишкек шаарынын мэриясы бардык унаа ээлерин жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, токтоого же токтотуп турууга тыюу салынган жерлерге унааларын калтырбоого чакырат.
