Президенттин маалымат катчысы чет элдик аскердик компания тууралуу кептерди четке какты
Социалдык тармактын колдонуучусу Айдарбек Раев Кыргызстандагы айрым объекттерди "чет элдик жеке аскердик компания" кайтарып жатат деген мазмундагы билдирүү тараткан.
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов мунун баарын четке какты. Ал өлкө мыйзамдарына ылайык чет элдиктердин курал менен объект кайтаруусуна таптакыр жол берилбей турганын баса белгиледи.
"Бир дагы чет өлкөлүк жаран курал алып биздин аймакта кандайдыр бир обьект кайтарбайт. Ага мыйзамдар да жол бербейт. Мен толук жоопкерчилик менен айтып коёюн, Кыргызстандын аймагында бир да чет мамлекеттин куралдуу күчтөрү же түзүмдөрү жок. Болушу да мүмкүн эмес.
Өлкө аймагындагы кен казуубу же башка биргелешкен чоң-чоң долбоорлор болобу, аларды иштетүүдөгү коопсуздукту өзүбүздүн милиция кызматкерлери же жеке күзөт кызматтары камсыз кылат", - деди ал.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы ЖККУнун мүчөсү катары кабыл алган эл аралык милдеттенмелердин алкагында гана Кант шаарындагы аскердик объект иш алып барарын айтты.
Ал эми Айдарбек Раев тараткан билдирүү жалган экенин белгилеп, мындай маалыматтарды таратууда этият болууга чакырды.
"Айдарбек Раев 2024-жылы АКШ жарандыгын алыптыр. Ошол жакта отуруп алып жомок токубай, Кыргызстандагы туугандарынан сурап койсо да болмок. Мамлекеттин өнүгүшүн каалабаган сырткы күчтөр бар экени көрүнүп турат. Айдарбек сыяктуу балдар өздөрү аңдап-билбей туруп, ошол күчтөрдүн куралына айланып жатышат. Ал эми мыйзам чегинде жоопко тартыла баштаганда "мени жөн эле куугунтуктап жатышат" деп чыгышат", - деди Алагөзов.
