Кыргызстан биринчи жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлүгүнө шайланды
Кыргызстан 2027-2028-жылдарга Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды.
Добуш берүү 3-июнда Нью-Йорктогу БУУнун Башкы Ассамблеясында өттү. Кыргызстан 142 добуш алды. Өлкөнүн Азия-Тынч океан тобунан атаандашы Филиппин 49 добуш алды.
Президент Садыр Жапаров бул жеңишти эл аралык коомчулуктун жогорку ишеними катары, ошондой эле БУУнун бардык мүчө мамлекеттеринин алдындагы чоң жоопкерчилик катары кабыл аларын айтты.
"Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине мүчө болгон мезгилде Кыргыз Республикасы эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого, чыр-чатактарды алдын алууга, превентивдүү дипломатияны өнүктүрүүгө, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууну колдоого, эл аралык тутумда чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ролун күчөтүүгө, ошондой эле глобалдык коопсуздуктун контекстинде климаттык, суу, тоолуу аймактарга байланышкан жана экологиялык чакырыктарды эске алууга багытталган артыкчылыктарды ырааттуу илгерилетүүгө ниеттенебиз. Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдогон бардык мамлекеттерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде тынчтыкка, туруктуулукка жана көп тараптуулукту бекемдөөгө кызмат кылган жоопкерчиликтүү, конструктивдүү жана ачык өнөктөш болууга даяр экенибизди ырастайбыз", - дейт президент.
